Саясат

Видео. Камила Талиева: «Лейлекте өтө көйгөйлүү болуп жаткан ПЦР-тест анализин алуучу лаборатория жок»

Депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйында Лейлек районундагы өтө көйгөйлүү болуп жаткан ПЦР-тест анализин алуучу лаборатория жана ветеринардык лабораториянын жоктугун, чек аралаш аймактардын жашоочулары жеткиликтүү түрдө медициналык жана башка тараптардан камсыз болбой жатканын белгилеп, өкмөт мүчөлөрүнө маселенин тез арада чечилишин талап кылды.

Депутаттын суроосуна Саламаттыкты сактоо министри ПЦР-ТЕСТ аныктоочу лаборатория жакынкы күндөрү коюлаарын билдирди. Ал эми ветеринардык лаборатория буга чейин иштеп келгенин жана ал кыскартылып, учурда кайра ишке кирүүгө даярдалып жатканы тууралуу өкмөттүн өкүлү Нурлан Шарипов маалымат берди.

Андан сырткары Маргун айылына кошумча медициналык штат бирдигин ачуу боюнча  министрге тапшырма берди.

“Маргун айылында калктын саны көп, ошого карабастан бир гана дарыгер тейлейт, ал жетишпейт, карапайым калк бир канча чакырымга барып дарыланууга аргасыз болуп жатат”, —  деп кошумчалады эл өкүлү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button