Коом

Чек ара кызматы: Тажикстан менен чектеш Сай жерлигинде тосмо орнотуу иштери убактылуу токтотулду

 Тажикстан менен чектеш Сай жерлигинде тосмо орнотуу иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы маалымдады.
Чек ара кызматынан белгилегендей, 23-январга карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт.
23-январда болжол менен саат 14.40 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын Сай жерлигиндеги Козу-Баглан дарыясынын аймагында Эски-Оочу айылынын бир топ жарандары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагынын такталбаган аймагына мал-жандыктары кирип кетпеши үчүн зым менен казыктарды орнотуу жумуштарын башташкан.
Бул иштерди жүргүзүү 21-январда мамлекеттик чек аранын аталган аймагында жайгашкан Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара застава башчылары менен макулдашылган.
Бирок зым менен казыктарды орнотуу учурунда Тажикстандын чек ара кезмети келип тосмону орнотууга эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн чечими керек деген шылтоо менен жумуштарды токтотууну талап кылышкан. Чыр-чатакты болтурбоо максатында Кыргызстандын жарандары тосмо тосуу жумуштарын убактылуу токтотулган.
Бул маселени чечүү үчүн жакынкы убактарда Кыргызстандын Лейлек багыты жана Тажикстандын Ганчи багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландаштырылган.
Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аталган аймагын көзөмөлгө алып турат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button