Коом

акыркы суткада 162 адамдан COVID-19 илдети табылып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 5-февралга карата коронавирус 162 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 92, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 42, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 385 адам илдеттен сакайып чыкты, 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 913 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 609 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 326 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 190 миң 368 киши айыгып чыкса, 2 миң 899 адам каза болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button