Саясат

Бүгүн Сабырбек Жумабеков президент менен жолугушат

 Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун мурунку жетекчиси Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров менен жолугат. Жолугушуу бүгүн, 11-февралда боло турганын дарыгер өзү билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги мурдагы Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборун Бишкек клиникалык тез жардам ооруканасы кылып түзүп, С.Жумабековду кызматтан бошотуп, директорлук кызматты жойгон. Эми оорукананы башкы дарыгер жетектейт.

Бүгүн эртең менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жапаркул Ташиев, министрликтин юристи Азамат Жумакеев стационарга келип, жаңы дайындалган башкы дарыгер Дамир Дүйшөновду жамаатка тааныштырган.

Сабырбек Жумабеков иш бөлмөсүндө жыйын өткөрүп, бүгүн саат 10:00дө президент менен жолуга турганын айтты.

«Жолугушуудан кийин кандай чечим болгонун айтам», — деди С.Жумабеков.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button