Коом

Ички иштер министрлигинде майрамдык ырлар жана бийлер ансамбли концерт өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында советтик аскерлердин Афганистандан чыгып кеткенинин 33 жылдыгына карата Кыргызстандагы Россия Элчилигинин Аппаратынын коргоо маселелери боюнча аташе тарабынан уюштурулган майрамдык концерт болуп өттү.

Концерттик программа менен Россиянын Коргоо министрлигинин Кызыл жышаан Борбордук аскер округунун ырлары жана бийлери ансамбли чыкты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМднин борбордук аппаратынын жана Бишкек гарнизонунун кызматкерлери катышты. Алар фашизмди жеңген элдердин биримдигин баяндаган аскердик-патриоттук темадагы эстрада шоусуна күбө болушту. Артисттер көрүүчүлөргө согуш жылдарындагы ырларды жана бийлерди, дүйнө элдеринин вокалдык жана хореографиялык чыгармаларын тартуулашты.
Артисттердин жаркыраган спектакли залда отурган ар бир кызматкерге майрамдык жана көңүлдүү маанай тартуулады.

Коцерттик программанын соңунда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ыр жана бий ансамблине ыраазычылык билдирип, кол чабуулар менен чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

Мындай иш-чараларды өткөрүү майрамдык маанайды көтөрүүгө, ошондой эле кыргыз-орус достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button