Коом

Баткенде 10 жетим балага жер тилкелери ажыратылып берилди

Баткенде 10 жетим балага жер тилкелери ажыратылып берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жетим балдарга жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарга турак жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жетим балдардын укуктарын коргоого багытталган мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимге сунуш келтирилген.

“Сунушту кароонун жыйынтыгы менен Баткен районуна караштуу Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан 3 балага (А.у.У., П.А., Т.Б.), Суу-Башы айыл өкмөтү тарабынан 2 балага (Б.у.Э., К.Ж.) жана Ак-Татыр айыл өкмөтү тарабынан 5 балага (И.у.А., Ү.к.Т., И.к.К., Т.Н., И.Э.), жалпы 10 жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери ажыратылып, прокурордук сунуштун негизинде “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан укук күбөлөндүрүүчү документтер акысыз жасалып берилди”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button