Саясат
Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.