Коом

9-күн. Көк-Арт ашуусунда кар көчкү алдында калган адамдар табыла элек

Көк-Арт ашуусунда 14-февралда түшкөн кар көчкүнүн алдында калган адамдар дале табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Тогуз-Торо районунда кар көчкү алдында калган 4 адамды издөө иштери, бүгүн, 23-февралда да уланууда. Издөө иштерин учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 59 куткаруучусу жүргүзүүдө. 3 кинолог иттер жана атайын издөөчү каражаттар, анын ичинде темир издөөчү каражаттары колдонулууда. Ошондой эле ал жерде 9 атайын техника карды тазалоодо”, — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, 14-февралда Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 332-чакырымында кар көчкү түшүп, жол оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан кытайлык компания “Чайно Роуддун” 4 айдоочусу техникасы менен кар көчкү алдында калган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button