Коом

Украинадагы кыргызстандыктардын бир тобу эвакуацияланды

 Украинадан чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланып жатканын ТИМ билдирди.

«Кыргызстандын Украинадагы консулунун көмөгү менен 27-февралда кыргызстандыктардын тобу Украина-Польша чек арасынан өтүштү. Алар Польшанын Кендзежин-Козле шаарындагы мейманканага жайгашты», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Украина-Молдавия чек арасынан өткөн кыргызстандыктар Кишинев менен Леордоаядагы Manas yurt village комплексине барышты.

Украинада баш калкалай турган коопсуз оруну жокторго төмөнкү жерлерде жайлар ырасталууда:

Киевдеги элчиликте (Печерский району, Редутный кууш көчөсү, 19/34);

Львов шаары (Польская, 6 көч.);

Одесса шаары (Варненская көч., 3а).

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380997573413;

+380442370346;

+380442370348 (WhatsApp)

КР ТИМинин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865;

+996 709 983 465, +996 554 065 215.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button