Коом

Украина Евробиримдикке мүчө болууга арыз жазды

Украина Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө болуп кирүүгө арыз жазды. Бул тууралуу Владимир Зеленский Телеграм каналына жазып, арызга кол коюу жараянын жана документтин сүрөтүн жарыялады.

Арыз Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйендин наамына жолдонду. Ал качан каралары жана өлкө уюмга качан кирери белгисиз. Мурдараак өлкөнүн премьер-министри Денис Шмыгал Украина уюмга атайын тартип менен кирерин билдирген.

Мунун алдында Зеленский видеокайрылуу менен чыгып, Европа Биримдигине «кечиктирилгис процедуранын негизинде» Украинаны кошуп алуусун өтүнгөн. Ал украин армиясы өз жери үчүн эле эмес, жалпы Европа үчүн согушуп жатканын белгилеп, «уюмга кошулууга татыктуу» экенин белгилеген.

Орусия президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украинанын маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 жай тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш бала экенин жазды. Согуштун биринчи күнүндө Киев 137 жоокери курман болгонун маалымдаган, андан кийинки жагдай азырынча белгисиз.

Мунун алдында Украинанын Коргоо министрлиги Орусия 5300 жоокеринен «айрылганын», бул категориянын ичинде курман болгондор, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо санала турганын маалымдаган.

Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын миңге жакын аскердик объектисин талкалаганын гана маалымдады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button