Коом

Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

2022-жылдын 26-мартында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери медицина кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйдүн курулушун баштоо аземине катышты. Бул тууралуу аталга министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үй Байтик Баатыр (мурдагы Совет көчөсү) жана Сүйөркулов (мурдагы Донецк көчөсү) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, объектти пайдаланууга берүү болжолдуу түрдө 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылган. Буга чейин салынган 8 кабаттуу имараттын каркасын 12-кабатка чейин көтөрүү пландалууда.

Министр курулуш иштери башталганын жана курулуш иштери аяктаганга чейин медицина кызматкерлерине турак жай алуу тартибин министрлик аныктай турганын белгиледи.

«Биз тарыхый учурдун күбөлөрүбүз, бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн үйлөр курула элек болчу. Биринчи этапта бир үйдүн курулушун бүтүрүү пландалууда. Каржы булактары аныкталган соң, кийинки этапта дагы бир үй куруу пландалууда», — деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button