Коом

Бишкек шаарында кыргыз-герман бизнес-форуму өтөт

Ушул жылы июнь айында Бишкекте кыргыз-герман бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, кыргыз-герман кызматташтыгын жигердетүү, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык жааттагы маселелерди талкуулады.

Айрыкча, жаңыдан түзүлгөн Кыргыз-герман ишкелер кеңешинин биринчи отурумун жана 2022-жылдын июнь айында Бишкекте боло турган кыргыз-герман бизнес-форумун өткөрүү сүйлөшүлдү.

Ошону менен бирге, Кыргызстандын Германияга болгон тышкы карызын кыскартуу максатында карыздын 14,9 млн евро көлөмүндөгү каражатты герман тарапка кайрып бербестен Кыргызстандын социалдык-экономикалык тармактардагы долбоорлоруна колдонуу маселеси герман тарап менен талкууланып жатканы баяндалды.

Андан тышкары, Европа биримдигинин жалпы артыкчылык системасын (ВСП+) Кыргызстандын ишкерлери толук кандуу колдоно албай жатканы айтылып, элчи Өмүрбек Текебаев тарабынан герман инвестицияларын Кыргызстанда тиешелүү лаборатория курууга тартуу маселеси демилгеленди.

Ошол эле күнү элчи Өмүрбек Текебаев КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен жолугуп, кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, келечекте бул жаатта биргелешкен иш алып барууну сүйлөшүштү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button