Коом
Чүй проспектисинин бир бөлүгү 9 күнгө жабылат
Чүй проспектисинин Сүйүнбаев көчөсү менен кесилишкен жери 2-10-апрель аралыгында автоунаалар үчүн жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бул күндөрү «АкНазЭлБилдинг» аттуу подрядчы компания жылуулук камерасын куруу менен түтүктөрдү жаткырат.
Мэрия түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларды альтернативдүү жолдор менен жүрүүгө чакырды.