Коом
Соцфонд: Жыл башынан тарта 17 миң 608 жаранга пенсия чектелди
Кыргызстанда 2022-жылдын жалпы январь-март айларында 17 миң 608 жаранга пенсия дайындалып чектелди жана кайра эсептелинди. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы кабарлады.
Ошонун ичинде 2022-жылы март айында 4014 жаранга пенсия чектелди.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1009 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.