Баткенде чек ара чыры курчуп турганда, Коопсуздук Кеңешинин өкүлү жемкорлукка айыпталгандарга жардам берүүдө
Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттары бир топ мезгилден бери болуп келе жаткан ызы-чуу туурасында Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.
Кайрылуу өзгөртүүсүз берилди:
Урматтуу президент Садыр Нуркожоевич Жапаров!
Биздин кайрылуубуздун себеби, Иманкулов Марат Муканович — Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, мамлекетте эң чоң даражадагы кызмат адамы болуп эсептелип, бирок өзүнүн бийик кызматын мамлекеттин пайдасына колдонбой, тескерисинче жеке кызыкчылыгы үчүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, Лейлек районунун тургундары Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин пайдасына өзүнүн таза эмес кызыкчылыгын ачык көрсөтүп, аларды кылмыш-жаза жоопкерчилигинен кутултуу максатында, алардын башын калкалоодо.
Иманкулов мырза Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевге жардам берүүнү мыйзамсыз түрдө көздөп, аларды кылмыш жоопкерчилигинен кутултуу жана камактан бошотууну Башкы прокурор К.Зулушевден бир нече жолу жеке өзү суранганын уктук. К.Зулушев андан баш тартып, мындай аракеттердин мыйзамсыздыгын айткандан кийин, 2022-жылдын 12-апрелинде Иманкулов Баткен облусуна, тактап айтканда Жаңы-Жер айыл өкмүтүнө жеке өзү келип, ал жерде Бекжан Жалиловдун жана Саатбек Эгембердиевдин тарапташтары менен жолугуп, аларга “ЧОҢ” убада бергени ошол жердегилер айтышууда. Ал жолугушууда, Иманкулов мырза Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевди кылмыш жоопкерчилигине тартпоо жана камактан бошотуу үчүн Сот иштерине кийгилишип бардык болгон чараларды көрүп жаткандыгын белгилеген.
Муну Иманкулов менен болгон жолугушууда катышкан жана айылдын бул көйгөйлөргө кайдыгер карабаган жергиликтүү тургундар, ошондой эле Бекжан менен Саатбектин тарапташтары дагы ырастайт.
Иманкулов өз убадасын аткарып, 13.04.2022-жылы Баткен шаарына келип, Жогорку Соттун Төрагасы З.Базарбеков аркылуу Баткен облустук сотунун Соттук коллегиясынын мүчөлөрү Пазылов М., Абдураимов А., Аданбаев З.ларга мыйзамсыз кысым көрсөткөн жана Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү мыйзамсыз талап кылып, саясий чечим кабыл алдыртып, түздөн-түз соттук иштерге кийгилишип аралашканын далилдеп берди.
Облустук соттун судьялары Иманкуловдон жана Жогорку Соттун төрагасынан коркуп, ошондой эле кызматын жоготуп албаш үчүн ушундай чараларды көрүүгө аргасыз болгондугун тымызын, бейрасмий түрдө бизге айтып жатышат.
Урматтуу Президент! Бизге жардам бериңиз, сизден суранабыз. Үнүбүз жетпей бара жатат. Мыйзам иштебей жатат. Кыргызстан коррупцияга белчесинен малынып калды. Коррупционерлер турмөдөн чыгып, тайрандап ифтар өткөзүп элди тукуруп жатат. ЖАРДАМ!
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттары:
Айбалаев Кыдырбек
Салимбеков Кенжебек
Муратов Акжол
Саттаров Минжигит
Гулжигитов Темирбек
Исмаилов Ташкенбай
Тургунов Кубанычбек