Кечээ Кемпир-Абад  маселеси талкууланып, ратификациялоо Жогорку Кенеште  кызуу  талкууга айланды.   Депутаттардын көпчүлүгү макул добушун берип, айрымдары ага каршы чыгышты.

Талкуу өтө кызуу болду. Кемпир-Абадга тиешелүү баардык суроолорго жооптор алынды. Каршы добуш бергендерди да, макул добуш бергендерди да күйөрмандары колдоого алып, коом ушул учурда эки тарапка бөлүнүп калгандай эле таасир калтырды.

Бирок мамлекеттик чек аранын тагдыры чечилип жатканда каршы чыгып, “мен каршы добуш бердим” деп өзүн пиар кылып, мактанган депутаттар да болду тилекке каршы. Алардын бири Эльвира Сурабалдиева айым. Сөзүбуз куру болбосу үчүн айта кетели.

Ал бүгүн Фейсбук баракчасына  пост жазып, шайлоочуларымдын талабын аткардым дегени кызык болду. Эми Сатыбалдиеванын парламентке кантип келгенине көз чаптырсак, былтыр бир мандаттуу округдан Бишкек шаарындагы Биринчи май районунан  шайланган. Эми өзүңуз карап көрүңүз. Кемпир-Абад кайда да Биринчи май району кайда. Аталган райондо  көп улуттуу адамдар чынында. Өмүр бою шаарда жашаган  биздин ар улуттун өкүлдөрү Кемпир-Абадды барып, ошол жерде элдин жазында суу көтөрүлгөндө эгиндерин суу басып, күзүндө кереги жок кезде кое берилген сууну көрдү дейсизби. Алардын башы да оорубайт жана өзгөн күрүчү  эмне экенин, ал кантип өстүрүлөөрүн билишпейт дагы. Анан Эльвира айым кайсы шайлоочуларынын талабын аткарган сулуу, патриот депутат болуп жатат.

Кечээ Жогорку Кеңеште Кемпир-Абад маселеси боюнча кызуу талкуу болуп жатканда бир ооз сүйлөп, же сурап койбостон, унчукпай, балык болуп отурган депутаттардын катарын толуктап, анан билмексен болуп, шайлоочуларымдын талабын, өтүнүчүн аткардым десе күлкүң гана келет  экен.

Кемпир-Абадга добуш бербей коюу бул мактаныч эмес. Мындай пиарыңыз жарабай калды Эльвира айым!

Негизи эле ЖКда  Эльвира айым өзүн Чолпон Аалыевна менен салыштырып атаандашат деген кептер тарап жүрөт. Урматтуу Эльвира сиз  Чолпон айым көргөн күндү көргөн эмессиз жана ага окшоп элге пайдасы тийген бир иш жасаганыңызды көрө элек экенбиз. Ошондуктан шайлоочуларыңызды керек кезде пайдаланууну жөн эле койсоңуз. Анткени алар былтыр шайлоо өтөөрү менен унутта калышкан.

Мирбек Сокулук району