Коом
20-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
Бүгүн, 20-апрелде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз 17…22, Ысык-Көлдө 14…19, Нарында 16…21 градус болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы 20…25 градуска жетет.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаашы күтүлөт, абанын температурасы күндүз 19…21 градус болот.