Коом

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы конфликте курман болгон жарандар эскерилди

Бүгүн, 29-апрелде  Баткен шаарында  2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттин жүрүшүндө курман болгон жарандарды эскерүү иш чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу  КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабаралады.

Эскерүү иш чарасына КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча КР Президентинин атайын өкүлү Кайрат Кушбаков, КР ЖК депутаты Чыңгыз Ажибаев, бир катар министрлердин орун басарлары, КР Министрлер Кабинетинин бир катар жетекчилери  жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук мекеме ишканалардын жетекчилери жана  чек арада орун алган каргашалуу окуяда шейит кеткен 36 жарандын үй бүлөлөрү, жакындары  ошондой эле 173 жарат алган жарандардан да катышты.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев иш чаранын жүрүшүндө өз сүйлөп,2021-жылдын 28-30-апрель күндөрү Баткен облусу үчүн эстен чыккыс тарыхый, оор күн болуп калгандыгын эскерип, каза болгон 36 жарандын Мекен үчүн жасаган эрдиги эч качан унутулбайт. Бул үйлөрдө мамлекет үчүн күйгөн, өз элин сүйгөн жана мекенди көздүн карегиндей сактаган, уул кыздарыбыз тарбиялансын” деп баса белгиледи.

Ошондой эле КР Президенти Садыр Жапаровдун атынан жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтуу менен, сабырдуулук каалады.

Андан соң   КР ЖК депутаты Чыңгыз Ажибаев шейит кеткен эр азаматтардын жакындарына көңүл айтып, өлкөдө тынчтык болуусун тилек кылды.

Иш чаранын соңунда каза болгон 36 жаранга багышталып куран окулду.

Ошону менен бирге мекен үчүн өмүрүн берген эр азаматтардын жакындары, КР Президенти Садыр Жапаровго жана жалпы жардам колун сунган патриот, мекенчил мекендештерге ыраазычылыгын билдиришти.

Ошондой эле облус башчысы Абдикарим Алимбаев менен бирге Министрлер Кабинетинин  бир катар жетекчилери, бир катар министрлердин орун басарлары Мадина шаарчасы менен таанышып чыгышты.

Белгилей кетсек, шейит кеткен эр азаматтардын жакындарын колдоо максатында КР Президенти Садыр Жапаров демилгелеп, “Каганат-инвест” жана  “SMA group” курулуш компаниялары тарабынан 36 жарандын жакындары үчүн бардык шарттары менен заманбап үй курулуп берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button