Коом

Кыргызстанда 1 833 бала ата-эненин камкордугусуз калган

Кыргызстанда ата-энесинин камкордугусуз калган 1 833 бала аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2022-2026-жылга социалдык буюртмалар мамлекеттик программасында айтылган.
Аталган ведомствонун 2020-2021-жылдагы мониторингине ылайык, балдар төмөнкү себептер менен ата-энесинин камкордугусуз калган:

Баласынан баш тартуу — 44;

таштап кеткендер (ички иштер органдарынын актысына ылайык) — 92;

ата-энелик укугунан ажыратылгандар — 303;

түрмөдө отургандар — 149;

дайынсыздар — 49;

бирөөсү же экөө тең каза тапкан ата-энелердин саны — 1 158.

Министрлик баланы үй-бүлөсүнөн ажыратууга жол бербөө жана ата-энесиз калган балдарды социалдаштыруу үчүн бир катар чараларды колдонууну сунуштады.

«Турмуштук оор кырдаалга жана социалдык коркунучтуу абалга кептелген үй-бүлөлөргө жана өспүрүмдөргө жеке мүнөздөгү алдын алуу иштерин жүргүзүү керек. Жетим жана кароосуз калган балдарды багып алуу каалоосун билдирген жарандарды даярдоо зарыл. Асырап алган камкорчуларга консультативдик, психологиялык, юридикалык, социалдык жана башка жардамдарды көрсөтүү абзел. Ушундай эле жардам жетим балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө да керектелет», — деп жазылган программада.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button