Коом

Бактыбек Мамытов менен коштошуу зыйнаты эртең өтөт

Атактуу алып баруучу жана диктор Бактыбек Мамытов менен коштошуу зыйнаты 21-майда Кыргыз телерадиоберүү корпорациясында саат 12:00дө өтөт. Бул тууралуу КТРК маалымдады.

Билдирмеге караганда, алып баруучунун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Эске салсак, КР эл артисти Бактыбек Мамытов бүгүн, 20-майда, 72 жаш курагында дүйнө салды. Жакын санаалаштарынын айтымында, ал көптөн бери ооруп жүргөн.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында туулган. Теле жана радионун босогосун 21 жашында аттап, ошондон баштап чыгармачылык менен алектенип келген.

Мамытов көп жыл КТРКда «Арноо концертин» алып барган. КР эл артисти, Даңк медалынын ээси.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button