Коом
Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн
Бүгүн, 27-майда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бул
тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк
аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик
тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Ысык-Көл, Нарын облустарында жаанчачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9
метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.