Коом

Республикалык майыптар коому мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга майрамдык маанай тартуулады

Республикалык майыптар коому Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата атайын майрамдык  иш-чара өткөрүп, белектер, азык-түлүктөр таратылды. Майрамдык иш чара жана коомдогу маселелер тууралуу  аталган коомдун башчысы Шүкүрбек  Кучкачовдун пикирин уктук.

Шүкүрбек мырзанын айтымында, иш-чара жыл сайын атайын 2-июнда өткөрүлөт.

«Биздин коом салтка айлангандай, жылына балдарды коргоонун күнүн 2-июнда өткөрөбүз. Он жылдай болуп калды.  Анткени ал күнү  1-июнда, балдар парктарга, аянтка барып ойноп келишет. Биз майрамды өзүбүздүн кеңседен эле тособуз. 70 балага белектерди даярдадык. Алардын 15и шартына байланыштуу келе албады. Арасында баса албаган, орунда жаткан балдар бар. Аларга түштөн кийин волонтерлор үйлөрүнө жеткирип беришет.

Кечээ, Бажы кызматы атайын балдарга таттуларды таштап кетишти. «Куликовский» торт печеньелерди беришти. Калганын өзүбүздүн коом взностон каржылап, балдардын көңүлүн көтөрүп жатабыз. Бул ирет таттуулар менен катар, балдарды караган ата-энелерине да жардам болсун деген максатта азы-түлүк да  берип жатабыз. Суу май, күрүч, чай, кесме кылып», – дейт.

Шүкүрбек Кучкачов

Учурда Республикалык майыптар коомунда жалпысынан 3000  мүмкүнчүлүгү чектелеген бала бар. Алардын 265и Бишкекте турат.

Ошондой эле,  аталган фондун жетекчиси мамлекет тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга каралган жөлөкпулдун көбөйүшү  балдардын дарылануусуна жакшы шарт түзөрүнө токтолду.

«1-июндан тартып жөлөкпул көбөйтүлдү. Бул балдарга медициналык жардам алууга жакшы шарт болот. Кечээ Ысык-Көлдө  «Алтын Балалык» реаблитациялоо борбору ачылды. Ал жерден балдар бекер дарыланышат. Мунун дагы бир жакшы жагы,  балдар чет жака чыкпай өзүбүздүн өлкөдө дарыланат. Ал борбордун ачылуусуна да биздин коом жардам көрсөттүк. Биздин тигүү цехте кыздарыбыз тиккен шейшептерден берип, эмеректерин жасап бердик», – дейт Республикалык майыптар коомунун жетекчиси Шүкүрбек Кучкачов.

Дагы бир өкүнүчтүүсү жыл башынан бери майып балдардын саны көбөйгөнү байкалууда, – дейт Шүкүрбек мырза.  Жыл сайын жаңы жылда жана Балдарды коргоо күнүндө атайын майрамдык иш чаралар өткөрүлүп турат, быйыл майып балдар бул уюмга көбүрөөк кошулганы байкалган экен.

Андан тышкары  акыркы жылдары кайрымдуулук жасаган жарандардын саны да кыскарганы байкалган. Мурда жардам берчүлөр өзүлөрү келип,  демөөрчү болсо, азыркы учурда ар кандай уюмдарга, мамлекеттик органдарга кат аркылуу кайрылышкан. Бирок, тилекке каршы кол сунгандар болгон эмес, – дейт Кучкачов.

Андан сырткары Шүкүрбек мырзанын айтымында майып, оорулуу балдардын атын сатып, акча топтогон шылуундар да көбөйүп баратканына кейиди. Чындап эле оорулуу, жардамга муктаж балага жардам бергиси келген жарандар көчөдө атайын акча чогулткандарга эмес, кайрымдуулук уюмдар аркылуу жардам беришсин деген кеңешин айтты.

Бүгүнкү иш чарага келген балдар, ата-энелер атайын даярдалган белектерди алып, үйлөрүнө кубанычтуу кайтышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button