Коом

Бишкекте балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «MuzaFest» фестивалы болуп өттү

Кечээ, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата борборубуз Бишкек шаарында «MuzaFest» фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу редакциябызга уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка караганда, таланттуу балдар жана өспүрүмдөргө арналган фестивалды  «Muza Media» продюсердик борбору уюштуруп, башкы өнөктөшү  «Бишкек Парк» соода борбору менен биргеликте атайын шоу- концерт уюштуруп, балдарга майрамдык маанай тартуулаган.

“Буга чейин бул фестиваль 2020-жылы февраль айында алгачкы жолу ийгиликтүү өтүп, абдан кубанганбыз. Андан соң ковидке байланыштуу карантин башталып кетип, долбоор токтоп калган. Негизги буга чейин дагы жыл сайын 1-июнда, жаңы жылда кайрымдуулук иш чараларын өткөрүп, колдон келишинче балдарга майрам жана белектерди тартуулап келгенбиз.

«MuzaFest» фестивалын быйыл 1-июнь балдардын майрамына карата 2-ирет өткөрүүнү туура көрдүк. Буйруса бул фестивалды республикалык деңгээлге көтөрүп 7 дубандан таланттуу балдар катышса дейм. Фестивалга демөөрчүлүк кылган мекенчил инсандар кол кабыш кылышса, мындан дагы жогорку деңгээлде өткөрө алабыз албетте. Бул фестивалга катышкан эң таланттуу балдарга жаңы жылдык майрам уюштуруу, чет элдик фестивалдарга жөнөтүү максатым дагы бар. Буйруса талыкпай иштеп ал күндөргө дагы жетели. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып башкы өнөктөшүбүз «Бишкек парк» соода борборуна терең ыраазычылык билдиребиз», — дейт  «Muza Media» продюсердик борборунун жетекчиси жана фестивалдын автору Кундуз Авашова.

Аталган фестиваль вокал, бий, инструменталдык 3 жанрда өтөт. Бул саамалыктын негизги максаты — таланттуу балдардын профессионал сахнага чыгуусуна жол ачуу, таланттуу балдарга кам көрүү, балдар менен иштеген көркөм жетекчилердин кадыр-баркын көтөрүү максатында өткөрүлүп, катышуучуларга ардак баракчалар тапшырылып, эстеликке белектер тартууланды.

Ошону менен катар, майрамга келген балдарга цирк шоусу, таттуулар, белек-бечкектер тартууланып, артгрим жана башка аянтчалар дагы акысыз кызмат кылып, жомоктогу каармандар менен сүрөткө түшүштү.

Фестивалдын автору Кундуз Авашова кошумчалагандай, фестивалга өнөктөш болууну жана катышууну каалагандар   0997035088 номерине сунуш жөнөтсө болот.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button