Саясат

Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди

Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушев тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

КР президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, КР саламаттык сактоо министри менен КР башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, Кыргыз Республикасынын 66, 71-беренелерин жана 89-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып:

— Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр Савердинович кылмыш жасаганга шектүү деп кармалганга байланыштуу ал тергөө мезгилине ээлеген кызматынан убактылуу четтетилсин,

— Зулушев Курманкул Токторалыевич Кыргыз Республикасынын башкы прокурору кызматынан тергөө мезгилине убактылуу четтетилсин.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button