Саясат

Садыр Жапаров: “Каралбай жаткыча карылар, балдар үчүн пайдалуу иш болсун”

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттери Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевдин үйлөрү мурун эле соттун чечими менен конфискация болгонун билдирди.

Президенттин айтымында, Курманбек Бакиевдин Бишкектеги хан сарайы балдар үйү, Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясы карылар үйү болот.

«Атамбаевдин үйү Жээнбеков маалында, ал эми Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон. Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр — мамлекеттики. Түбөлүк каралбай жаткыча, карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коёлу деп, курулуш иштерин баштап жатабыз», — деди Садыр Жапаров «Би-Би-Синин» кыргыз кызматына берген маегинде.

Президент өлкө боюнча карылар үйү да, майыптар үйү да жетишсиз болгондуктан ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи.

«Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн карыларга берилгенинин себеби: карыларыбыз калган өмүрүн ошол жерде таза абада, таза суу ичип өткөрүшсүн деген ниет болду», — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button