Саясат

Жапаров: Кландык башкарууга, мамлекетти тоноого жол бербейм. Ага күчүм да, духум да жетет

Президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге берген маегинде кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн тоноого жол бербей тургандыгын айткан.

Журналист президентке “Атамбаевдин тарапкерлери Арашанда митинг кылып, курч мүнөздөгү талаптарды койду. Өлкөдө чындап эле революциялык кырдаал түзүлдүбү?” деген суроо узаткан.

“Коркутуу аралаш кайрылуу жасаган Атамбаевдин тарапташтарына төмөнкүчө жооп берет элем. Мен корко турган адам эмесмин. Коркуу сезиминен эбак эле өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилип келген адаммын. Эгер мен Атамбаевге окшоп уурдап, президент боло калып эки жыл өтпөй мультимиллиардер болуп калсам, коркутса болот эле. Менин корко турган эч бир терс иштерим жок. Ошондуктан жөнү жок башаламандык кылам дегендерди башынан сылабайбыз. Жаза катуу болот. Кландашып кеткен жерим жок. Ким мамлекет үчүн иштебей жатса, кызматтан кетип атышат. Ким уурдап атса, камалып, уурдаганын жүз эсе кайтарып берип, бошонуп чыгып атышат. Мен кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербеймин. Ага күчүм да, духум да жетет”, — деди Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button