Коом

Екатеринбургда өткөн Россия-кыргыз аймак аралык конференциянын жыйынтыгы

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Екатеринбургда өткөн Россия-кыргыз аймак аралык IX конференциянын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
Аталган иш-чара 9-июнь күнү болгон. Ага Россиянын 18 субъектинен жана Кыргызстандын бардык облустарынан бийлик органдарынын өкүлдөрү, бизнесмендер, эксперттер катышкан. Панелдик сессиянын жүрүшүндө ЕАЭБ мейкиндигинде аймактар аралык кызматташтыкты бекемдөө, анын ичинде маалыматтык технологиялар, туризм тармагындагы маселелер талкууланган. Ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин жолугушуулары уюштурулганы белгиленди.
«Конференциянын жыйынтыгында кызматташтык боюнча документтерге кол коюлду. Анда балык чарба тармагын, кадр даярдоону, почталык жана логистикалык кызматтарды өнүктүрүү камтылды», — деп айтылат маалыматта.
Аны менен катар экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев башында турган кыргыз делегациясы Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев менен өзүнчө жолугушуу өткөргөн. Анда тараптар аймактар аралык кызматташтыктыкты илгерилетүүгө, экономика тармагына өзгөчө көңүл бурууга макулдашышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button