Коом

Бишкекте аял жеке клиникалардын биринде липосакция жасаткан соң каза болду

Бишкектеги жеке клиникалардын биринде липосакция операциясынан кийин аял каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бейтап жеке клиникадан Улуттук госпиталга оор абалда түшкөн.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин айтымында, бейтап аларга жеке клиникадан оор абалда келип түшкөн, көрсөтүлгөн жардамга карабай бир нече күндөн кийин каза болгон.

Анын айтымында, анын бир нече органы иштебей калып, экспертиза жасалган. Окуянын себебин экспертиза аныктайт.

«Көрүлгөн чараларга карабастан, ал каза болду. Тиешелүү экспертиза дайындалды, укук коргоо органдары тарабынан баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде, милициянын басма сөз кызматы бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы) боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button