Коом

«Манас Ата» кафеси убактылуу жабылып, айып салынды

 Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору «Манас Ата» кафесин текшерип, бир катар кемчиликтер үчүн 41 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүү Ош шаардык прокуратурасынын актысынын жана жарандардын арызынын негизинде жүргүзүлдү.

«Манас Ата» кафеси текшерилип, даяр тамак-аштардын үлгүсү лабораторияга жиберилген. Изилдөөнүн жыйынтыгында тамак-аштан аныкталган кемчилдиктер, санитардык-гигиеналык нормалар сакталбаганы үчүн кафе ээси Бахтияр Гуламовго 23 миң сом айып пул салынды.

Андан сырткары азык-түлүктү сактоодо кетирген каталары үчүн башкы ашпозчусуна 13 миң сом, кафенин айланасы тазаланбагандыктан 5000 сом айып пул салынды. Учурда кафенин иши убактылуу токтотулуп, жууп тазалоо, дезинфекция, дезинсекция, дератизация иш-чаралары жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button