Коом

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун кезектеги толкунуна даяр

 Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы COVID-19дун кезектеги толкунуна даяр. Бул тууралуу ведомствонун Медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын начальниги Нурида Жусупбекованын айтканына таянып Республикалык штаб кабарлады.
Жусупбекова оору дагы бир ирет күчөсө, биринчи кезекте Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында кызыл зона ачыларын белгилеген.
«Коронавирустун кезектеги толкуну башталса орундар жетиштүү. Дары-дармек камдалган. Дарыгерлер тажрыйба топтоду. Баары COVID-19ду дарылоонун клиникалык протоколу боюнча окутуудан өтүшкөн», — деген Жусупбекова.
Медик коомчулукту илдетке каршы эмделүүгө чакырып, биринчи, экинчи дозаны алгандарга бустердик дозаны сунуштаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button