Коом

11-июль — Бүткүл дүйнөлүк шоколад күнү

Жыл сайын 11-июлда таттуу сүйүүчүлөр Дүйнөлүк шоколад күнүн белгилешет. Бул даамдуу майрамды 1995-жылы француздар ойлоп таап, биринчи жолу өткөрүшкөн.

Божомолдорго караганда, шоколад жасоону биринчилерден болуп ацтектер үйрөнүшкөн деп айтылып келет. Шоколаддын аталышы – ацтектердин (Мексикадагы индей эли) «чоколатль» – «ачуу суусундук» деген сөзүнөн келип чыккан. Алар аны «кудайлардын тамактары» деп аташкан. Аны биринчи жолу Европага алып келген испан конкистадорлору деликатести «кара алтын» деп атап, физикалык күчтү жана чыдамкайлыкты чыңдоо үчүн колдонушкан.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин, Европада шоколадды колдонуу аристократиялык чөйрөлөр менен гана чектелди. 20-кылымдын башында гана, өнөр жай өндүрүшүнүн пайда болушу менен, аристократиялык эмес адамдар да шоколаддан ырахат ала алышкан. Шоколад Россияда Петр I тушунда пайда болуп, падыша аны кофе менен кошо Батыштан алып келгени айтылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button