Коом

ИИМ: Тегерек столдо Ички иштер министрлигинде экстремизмди алдын алуу чөйрөсүн көзөмөлдөгөн борборду түзүү сунушталды

Бишкек шаарындагы “Парк Отель”  мейманканасында Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Кыргыз Республикасында экстремизмдин чакырыктары жана ага каршы аракеттенүүнүн артыкчылыктары” темасында тегерек стол өттү. Бул иш-чара эки күн катары менен өтүп,  ага Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары Улан Бердибаев, аталган Кызматтын улук инспектору Манас Аманбаев, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Тегерек стол суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар тарабынан экстремизмди алдын алуу маселеси кызуу талкууланып, анда адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун экстремисттик иш-аракеттерден коргоо экени баса белгиленди. Анткени, бүгүнкү күндө дүйнөдө жана биздин республикада мамлекеттин улуттук коопсуздугун баалоого олуттуу терс таасир тийгизген эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигинен келип чыккан жаңы чакырыктар менен коркунучтарга байланыштуу окуялар орун алууда.

Бүгүнкү өткөн иш-чарада “Стратегиялык чечимдер” коомдук фондунун аткаруучу директору Гульмира Маматкеримова сөз сүйлөп, анда Ички иштер министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар жана жумушчу топтун мүчөлөрү менен биргеликте “Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгышканын билдирди. Учурда бул мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп, келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилгенин маалымдады. Бул мыйзам долбоорун иштеп чыгуу учурунда өлкөнүн коопсуздугуна терс таасирин тийгизип, туруксуздаштырууга алып келе турган Кыргызстандагы экстремизмдин алдын алуу маселесине жоопкерчиликтүү мамиле кылынып,  жарандык коомдун өкүлдөрү менен бир нече жолугушуулар уюштурулганын, сунуштар жана пикирлер эске алынып кайрадан иштелип чыкканын билдирди. “Бүгүнкү өтүп жаткан тегерек столдун максаты эсктремизмди  алдын алуунун артыкчылыктуу багыттарын, көйгөйлөрүн аныктоо менен ага каршы аракеттенүүдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалыматтар менен бөлүшүү десек болот.  Бул мыйзам долбоорду иштеп чыккан жумушчу топтун курамында мен дагы бармын.  Аны коомдук талкууга алып чыгуу учурунда сындар, сунуштар, колдоолор дагы айтылды. Ар бир пикирди эске алуу максатында Ички иштер министрлиги мамлекеттик органдардардын,  жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүнө коом үчүн абдан маанилүү болгон экстремизм маселесин талкуулоо боюнча аянтча түзүп берди. Мен бул үчүн ыраазычылыгымды билдирип кетем. Ошондой эле, өлкөдөгү диний радикалдашууга, экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган башкы мамлекеттик орган катары Ички иштер министрлиги эсептелет. Ошондуктан, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын алдында өлкөбүздө экстремизм көрүнүштөрүн алдын алуу чөйрөсүн көзөмөлдөгөн Борборду түзүү керек. Бул маселеге дагы бийлик өкүлдөрү көңүл бурат деген ойдомун”,-деп “Статегиялык чечимдер” коомдук фондунун аткаруучу директору Гульмира Маматкеримова өз сунушун айтты. Гульмира Маматкеримованын тегерек столдо айтылган сунушун катышуучулар дагы колдоого алып, өз пикирлерин билдиришти.

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button