Коом
Жумага карата аба ырайы
Бүгүн, 15-июлда өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы:
Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +30…+35,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38,
Ысык-Көл менен Нарын аймагында +24…+29 градус болот.
Бишкекте +33…+35,
Ош калаасында +36…+38,
Чолпон Атада +24…+26 градуска жетери айтылды.