Коом
19-июлга карата аба ырайы
Бүгүн, 19-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +32…+37,
Таласта +29…+34,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33…+38,
Ысык-Көл аймагында +24…+29,
Нарын жергесинде +26…+31 градус ысык болот.
Борбор калаада күндүн табы +35…+37,
Ош шаарында +36…+38,
Чолпон-Атада +24…+26 градуска чейин көтөрүлөт.