Коом
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 27 миллион сомго сасык тумоого каршы вакцина сатып алат
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоого каршы вакцина сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирет.
Андагы маалыматка ылайык, мекеме бул максаттарга 27 млн 297 миң сом жумшап, 81 миң дозаны сатып алууну пландоодо. Дары өлкөгө 15-сентябрга чейин жеткирилиши керек.
Мындан тышкары кене вирустук энцефалитке каршы 1 миң доза вакцина жана кене вирустук энцефалитке каршы 1 миң 326 доза иммуноглобулин сатып алууга сынак жарыяланганы айтылат маалыматта.