Коом

Кыргызстанда ооруканада каза болгондордун саны өткөн жылга караганда кыскарды

Кыргызстанда ооруканада каза болгондордун саны өткөн жылга караганда кыскарып, 0,7 пайызды түздү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы бул көрсөткүч 0,9 пайызды түзгөн.

“2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында дарыгерлерге 5 млн 747 миң 892 жаран кайрылган. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында республиканын ооруканаларында 427 миң 174 бейтап жаткырылган. Ооруканага жаткыруу көрсөткүчү 2022-жылы дээрлик өзгөрүүсүз калып, 100 адамга 6,3 түздү”, — дейт ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button