Коом

Кыргызстанда мектеп директорлорунун орточо айлык акысы айтылды

Кыргызстанда мектеп директорлорунун орточо айлык акысы 15 миң сом. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

“Өлкөдө мугалимдердин маянасы жогорулаганда мектеп жетекчилериники көтөрүлгөн эмес. Директорлор тандалган соң, айлыкты күзүндө жогорулатуу пландалып жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, президенттин жарлыгы боюнча, өлкөдө беш жылдан ашык иштеген 966 мектеп жетекчиси кызматтан алынган. Жаңылары эми сынактын жыйынтыгы менен беш жылга дайындалат. Мектеп директорлорун тандоо 11-августта Баткенден баштала турганы айтылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button