Коом

Ички иштер министрлиги 2022-жылдын 6 ай ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жыйынтыктады

2022-жылдын  29-июлунда Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын 2022-жылдын  6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү. 

Коллегияга ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басарлары,  ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын,  “Унаа” мекемесинин, ошондой эле жер-жердеги шаардык-облустук-райондук ички иштер башкы  башкармалыктарынын, башкармалыктарынын  жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков коллегияны ачып жатып,  бүгүнкү жыйындын негизги темасы катары, ички иштер органдарынын 2022-жылдын 6 айынын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгаруу, элге сервистик тейлөө көрсөтүүнүн абалы жана туристтик сезон учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо, Ички иштер министрлигинин коллегиясынын 2022-жылдын 2-жарым жылдыгына карата иш-мерчемин бекитүү жөнүндө маселелер карала турганын билдирди. Аталган маселелерди карап, жетишкендиктер менен  кемчиликтерди белгилеп, алдыда аткара турган максаттарга жетүү үчүн тиешелүү чечимдер  кабыл алынарын дагы айтты.

Коллегияда биринчи маселе боюнча  ички иштер министринин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов  баяндама жасап, ички иштер органдарынын 2022-жылдын 6 ай ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен жетишкендиктерге токтолду.

“Ички иштер министрлиги, элдин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын тынч жана туруктуу жашоосуна шарт түзүүгө багытталган профилактикалык иштерин күчөтүү, кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу, элге жеринде сервистик тейлөө көрсөтүү, ишмердикти чыңдоо, санариптештирүү, оптимизациялоо багыттары боюнча 2022-жылдын 6 айында бир катар уюштуруу жана шарт түзүү иштери аткарылып, жыйынтыгында жетишкендиктер орун алды. Анын ичинде:

Милиция кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу, керек болгон учурда операторлор аркылуу тез арада жардам жөнөтүү, мыйзам бузууларды видефиксациялоо жана кызматкерлер арасында коррупциялык көрнүнүштөргө бөгөт коюу максатында, 24 даана боди-камералар сервердик жабдыгы менен алынып, Бишкек шаарынын милициянын участкалык уполномоченныйларына таратылып, алардын кызмат өтөөсү көзөмөлгө алынды. Орун алган ар кандай кырдаалдарда, аймактык рельефке карабастан үзгүлтүксүз иш алып баруу жана ыкчам маалымат алмашууну камсыз кылуу үчүн 2 репитер жана 49 радиостанциялар алынган. Алдыда дагы ушундай байланыш каражаттарын алуу каралып жатат.

Элдин чакырууларына ыкчам чыгып, жарандарга ыкчам түрдө жеринде жардам көрсөтүп, укук бузууларга жана кылмыштуулукка бөгөт коюу үчүн жер-жердеги ички иштер органдарына жалпы 91 даана автотранспорт, 5 талаа ашканасы жана 2 учкучсуз учуучу аппаратар берилген.

Ички иштер органдарынын жаңы имиджин түзүү максатында, аймактык бөлүмдөрүндөгү участкалык кызматкерлердин форма кийимдерин жаңылоо багытында бардык региондорго 4 сезондук атайын формалары таратылып берилди.

2022-жылга аныкталган жалпы объектилердин ичинен 12 объект ишке киргизилип, андан тышкары 7 обьект ишке берүү алдында турат, 16 объектиде курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Милициянын элге жакын болушун камсыздоо, калк арасындагы көйгөйлөрдү жеринде кабыл алуу жана чечүү, тиешелүү жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн  57 милициянын көчмө кабылдамалары азыркы учурда  жемиштүү иш алып барууда. Өзүңүздөр күбө болуп келгендей бул автоунааларыбыз коомго өзүн оң жагынан таанытып, элдин милицияга болгон ишеничин артырып, ички иштер органдарынын аброюн жогорулатууда.

Санариптештирүү ишмердигин өнүктүрүү үчүн өлкөнүн коомдук жайларына 2 миң 141 видеокамералар орнотулду. Анын ичинен, 200 видеокамера аркылуу ИИМдин Ыкчам башкаруу борбору өлкөдөгү криминогендик абалды онлайн көзөмөлдөөдө. Жыл аягына чейин жалпы 241 видеокамераларын кошуу мерчемделген”,-деди Адыл Бийбосунов.

Ошондой эле, Адыл Бийбосунов өз баяндамасында ички иштер органдарындагы иш кагаздарды электрондук форматта жүгүртүүнү ишке киргизүү максатында тишелүү ишмердиктин жобосу бекитилип, министрлик атайын маалымат тутумга туташтырылганын маалымдады. Учурда мамлекеттик органдар менен жарандардын кириш, чыгыш кат-кабарлары жана кайрылуулары боюнча каттар аталган тутум аркылуу жүргүзүлүүдө.

“Бардык нөөмөт бөлүмдөрдү, убактылуу кармоочу жайларды бириктирүү аркылуу ишмердүүлүктөрүн көзөмөлдөө жана санариптүү технологиялардын жардамы менен маалымат алууну ыкчамдатуу максатында ИИМдин нөөмөт бөлүмүндө республиканын бардык аймактарынан келген видеобайкоо камераларын бириктирген “Видеодубал” мультимедиалык жабдуулардын комплекси иш алып барууда. Азыркы учурда 28 нөөмөт бөлүмдөрү жана убактылуу кармоочу жайлары кошулган, жыл аягына чейин бардыгын кошуу мерчемделген.

Эл аралык кызматташтык жана ченемдик укуктук актылар боюнча айта кетсем, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо багытында 152 эл аралык иш-чаралар уюштурулган, 11 эл аралык келишимдер түзүлүп, анын 3 тиешелүү иретте кабыл алынган, дагы 8 долбоор даярдалган.

Жыл башынан тартып эл аралык кызматташтыкты уюштурууга жетишип, жыйынтыгында 65 млн. 68 миң 530 сомго бааланган материалдык- техникалык жардамдар алынган.

Жалпы 2022-жылдын 6 ай аралыгында ИИМдин бөлүктөрү тарабынан ченемдик укуктук актылардын 51 долбоорлору боюнча иш алып барылды, алардын ичинен 10 мыйзам долбоорлору жана 41 мыйзам алдындагы актылардын долбоорлоруна инвентаризациялоо иштери жүргүзүлдү”,-деп Адыл Бийбосунов баяндамасында билдирди.

Министрдин биринчи орун басары сөзүнүн аягында кылмыштуулуктун алдын алуу, кылмыштардын бетин ачууну жакшыртуу, сапаттуу мыйзам чегинде тергөө жүргүзүү жана ошондой эле кызматтык тартипти да бекем сактоо, өздүк курам арасында таалим тарбияны жакшыртуу да учурдун негизги талаптары экендигин баса белгиледи.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button