Коом

Киреше алып келбеген мамлекеттик ишканалар жоюлат

Киреше бербеген мамлекеттик ишканалар жоюларын бүгүн, 29-июлда өтүп жаткан маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигине караштуу 24кө жакын мамлекеттик ишкана чыгашалуу абалда. Ал ишканалар активдүү иштеп, милдеттенмелерин аткарбай жатат.

Буга байланыштуу айыл чарба тармагындагы чакан ишканаларды ирилештирүү программасы түзүлдү. Балык чарбасы жана жер чарбаларын камтыган топ түзүү пландалып жатат.

Ошондой эле «Стройзим» жана «Ателье» ишканалары жоюлуу стадиясында экени белгилүү болду.

Бакиров чыгашалуу ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана ишенимдүү башкарууга өткөрүү боюнча варианттар каралып жатканын билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button