Коом
Айпери Медет кызы Ислам оюндарында алтын медаль утту
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында алтын медаль утту.
Ал жарым финалда түркиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңген.
Ал эми финалдык беттеште Айпери Медет кызы камерундук спортчуну 10:0 эсебинде утуп алды.
Спортчу 76 кг салмак категориясында күч сынашты.