Бүгүн, 15-августта айрым аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бул
тууралуу ӨКМ билдирет.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда,
Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүшү ыктымал.

Чүй, Талас, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жаан-чачын күтүлбөйт.