Кыргызстандык оор атлетчи Эмил Молдодосов Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында күмүш медаль утту.

Ал кечээ, 14-августта 89 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан.

Ал жулкуп көтөрүүдө 3-орунду, түртүп көтөрүүдө да 3-орунду ээледи. Ал эми жалпы эсепте 354 упайы менен 2-орунга татыды.