Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук баракчасы аркылуу президенттин «Жетим-Тоо» кени боюнча өзүнүн пикирин билдиргенин белгилеп, ага улай анда Садыр Жапаров атаган «лжепатриоттор» деген кимдер экенине кеңири түшүндүрмө берди.

“Президент өлкөдөгү ири долбоорлор боюнча пикирин айтып, мындай өлкө үчүн керектүү жана пайдалуу иштерди негизсиз жолтоо болгондор жөнүндө айтып өттү.

«Лжепатриоттор» дегендер ким? Алардын максаты так белгилүү: кандай болсо да кайсы бир шылтоону таап, ызы-чуу салып, азыркы стабилдүүлүктү бузуп, кезектеги төңкөрүш уюштуруу. Ички-сырткы «заказчиктери» да анык. Өздөрү деле жашырбайт: баланчадан мынча акча келди, мындай план иштелип чыкты деп айтып мактанышат. «Лжепатриоттор» бийликке “элдин жашоосун оңдогула, иш орундары менен камсыз кылгыла, казынаны толтургула” демиш болуп, өкмөттүн кандай гана ниети, иш-чарасы болбосун, ошо замат жамандап, элдин пикирин тескери буруу менен алек, айтор, мамлекеттин ийгиликке жолун бууганга куштар. “Чем хуже, тем лучше” деген лозунг менен жашашат. Мекенибиз өнүкпөй, ачарчылык болсун деп турушат. “Булардын колунан эч нерсе келбейт, келиши да мүмкүн эмес, мына көрдүңөрбү?” деп кайра эле тээтиги биринчи максат, тезирээк дагы бир ызы-чуу болуп, бийлик кулап калса, өздөрү жана кожоюндары кайра такка отурса…

«Лжепатриоттор» — “бул жерде беш триллион доллар жатат, бирок мен аны элге бербейм, канымдын акыркы кашыгына чейин күрөшөм, бирок бербейм” деген даана акмак жана чыныгы эл душманы, чыккынчынын сөзүн колдогондор. Карапайым эл, айылдыктарда күнөө жок. Көбүнчөсү түшүнүп, түшүнбөй эле дүрбүлөңгө алгандар. Кеп жанагы өзүн шумдук аналитик, серепчи, улут уяты (совесть нации) болуп алган журналист сөрөйлөр жөнүндө болуп жатат. Көрсө, ошентип “элиме жакшылык каалабайм” дегендер накта патриот, “жок, бул байлык жалпы элдики, элибиз өссүн, өнүксүн” дегендер тескери “жалданма” экен да. Мына анан ошондой “коомчулук өкүлдөрүн” анан кантип лже-патриот дебейсиң? «Лжепатриоттор» бул канча жылдан бери “демократия, демократия” деп кыйкырып жүрүп, бизге сабак окуп, тим эле алардан өткөн элдик болууга мүмкүн эместер, анан накта элдик лидер элдин күчү менен суурулуп чыгып, демократиянын жолу менен элинин 92 пайыз добушун алып, шайлоодон бери кандай гана кыйынчылыкка карабай убадаларын аткарып келатса дагы — аны ыраа көрбөй, “бул демократия эмес” деп мурдун чүйрүгөндөр.

Алардын кыялында элибиз алардын “реформа” деген сөзүн ээрчип, ошолорду шайлаш керек эле. Андай болгон жокпу, булар эч качан эл шайлаган бийликти жактырып, баш ийишпейт. Эл бийлиги — демократиянын негизги мыйзам эрежесин тааныбай, бузгандар накта «лжепатриоттор». «Лжепатриоттор» бул ошол батыш жана башка өнүккөн мамлекеттердин ийгилигине суктанып, “алар эч качан кендерин казган эмес, жалаң эле мээнин күчү менен өнүккөн” деп карандай калп айткандар же чын эле булар ушунчалык дөдөй беле, ыя, же чын эле өздөрү ошол апыртмаларына ишенишеби? Элинин өнүгүүсүн каалабай, калп эле кайра-кайра бизге башка мамлекеттерди мисал келтирип, бирок өзүбүз ошондой өнүгөлү, катуу иштейли десек, элдин үмүтүн үзгүндөр — «классикалык лжепатриоттор».

«Лжепатриоттор» бир канча. Аз эмес. Өткөн жылдары бизде улуттук кызыкчылык деген түшүнүк жоголду. Азыркы электрондук коомчулукта, соцтармактын да алгоритмдери эң тескери элементтерди, эң бузуку ойду айтсаң, канчалык көп эмоция козгосоң, тезирээк жайылтат экен. Канча деген жаштар мурунку тарыхтан туура эмес сабак алып, “эмне болсо дагы бийликти жамандаш керек, эртеби-кечпи баатыр болуп чыга каламын” деп тескери жыйынтыкта адашып калышты. Пейил бузулганын жакшы билет элибиз. Бул өтө чоң көйгөй. Эң чоң! Бир канча бузукуну тартипке тартуу керек. Бул мамлекеттин бирден бир милдети. Жөн жерден ызы-чуу салгандар. Өзүн-өзү элине карама-каршы койгондордун накта жүзүн ачалы. Элибиз көрсүн, эмне кызыкчылык менен алар аракеттенерин, карасанатай ойлорун билсин. Бир канчаларына көңүл деле бурбаш керек. Чын эле. Алардын жаагы өзү менен басылат. Азыркы мамлекет сөзсүз өнүгөт. Мекенибиз гүлдөйт! Ошондо көрөбүз, кимдики туура экенин. Алга!», — деп жазды Эдил Байсалов.

Эске салсак, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармак аркылуу «Жетим-Тоо» кени иштетилбей турганын айтып, өздөрүн баатыр көрсөткүсү келип жаткан «лжепатриоттор» «Жетим-Тоону» бирөөлөргө бергени жатат деп калп айтып, элдин башын айлантып жатканын билдирген.