“Полит Узник” баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына чакырылып  Facebookка тараткан Абдил Сегизбаевдин маалыматы боюнча тергөөгө тиешелүү көрсөтмөлөрүн жооп берди. Аталган видео эки жыл мурдагы шайлоолорго байланыштуу экендиги аныкталды.

«Полит Узник» баракчасындагы жарыяланган эски видео кээ бир активисттердин жана башка адамдардын жалган жана так эмес маалыматтарды таратуучулардын кызыкчылыгы, ошондой эле Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой пикирди атайылап манипуляциялоога багытталгандыгы байкалат.

Аталган жагдайда кылмыштун курамы бар экендигине байланыштуу Кылмыш жаза Кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык-) 3-пунктуна (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармап туруу жайына киргизилди. Учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү ыкчам иш чаралар жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма Сөз кызматы