Бүгүн, 15-августта эркин күрөш боюнча Ислам тилектештик оюндарынын жеңүүчүлөрү өлкөгө кайтып келишти.  Аларды  «Манас» эл аралык аэропортунда салтанаттуу тосуп алышты.

Спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, ошондой эле алардын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековду КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчилиги куттукташты.

Эске салсак, Ислам тилектештик оюндары быйыл Түркияда өтүп жатат. Көп түрлүү спорттук фестивалга дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда.

Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерде күч сынашууда.

Бүгүнкү күндө биздин курама команданын эсебинде 17 медаль бар – 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло. Оюндар 18-августка чейин уланат.