Коом

Кореяда өткөн туристтик шоудо Кыргыз Республикасынын делегациясы Гран-при алды

Корея Республикасында 7-Корея эл аралык туристтик шоу 2022 — KITS аяктады. Көргөзмөнүн эң мыкты катышуучусу катары Кыргыз Республикасынын делегациясы Гран-приге ээ болду.

Маалыматка ылайык, биздин өлкө көрсөткөн экспозиция көргөзмөдө эң кызыктуу жана мазмундуу деп табылган.

«Саякат көргөзмөсүндө биз абдан жакшы баа алдык. Анын көптөгөн катышуучулары, булар 400гө жакын туристтик компаниялар, алардын 140ы тышкы туризм үчүн иштешет, Кыргыз Республикасынын жакшы туристтик потенциалын белгилеп, бизге туристтерди жөнөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти», — деди Туризмди өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруучу директору Кайрат Итибаев.

Шоуго Оман, Шри-Ланка, Тажикстан Республикасы, Колумбия, Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер катышкан.

Көргөзмөдө өлкөбүздүн атынан Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду катышты.

Делегациянын курамында Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Аида Исмаилова, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жана өлкөбүздүн туроператорлору бар.

Көргөзмөнүн коноктору Кыргызстан тууралуу маалыматтарды берүүнүн кызыктуу форматын белгилешти. Кыргыз делегациясы өлкөнүн кооздугу жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жөн эле сөз кылбастан, бет ачарда Самат Ишенбековдун Кореяга атайын алып келген сүрөттөрү, корей тилиндеги видеороликтер менен коштолду.

Туристтик көргөзмөгө катышуудан тышкары, Кыр-Хан маданий борбору, кореялык «Кыргызстан Air Travel» туроператору, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы студенттеринин ассоциациясы менен биргеликте Туризмди өнүктүрүүнү  фондунун өкүлдөрү кызматташуу боюнча үч меморандумга кол коюшту .

Бир ай мурун меморандумга кол коюлган Сеул Туризм Ассоциациясы (СТА) Кыргыз Республикасына туристтик инфраструктураны анализдөө жана инвестиция тартуу үчүн эксперттик топту жөнөтүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле туристтик кызматтарды санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлор каралмакчы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button