«NASA’нын» (АКШнын Аэронавтика жана космосту изилдөө боюнча мекемеси) мурдагы астронавты Жеффри Хоффман Кыргызстанга турист катары келди. Бул тууралуу трэвел-блогер Азамат Бекзо жазды.

Анын айтымында, Жеффри Хоффман менен Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айылында жолуккан.

«Жеффри Алан Хоффман «NASA’нын» мурдагы космонавты, Массачусетс технологиялык университетинин астронавтика боюнча профессору, анын студенттери «SpaceX» компаниясында Илон Маск менен чогуу иштейт. Ал Памир тоолорун көрүүнү кыялданып жүрчү экен», — деп жазды Азамат.

Жеффри Хоффман 77 жашта. 1985-жылдан 1996-жылга чейин космоско 5 ирет учкан.