Чолпон-Ата шаарында биринчи жолу Эл аралык Кыргызстан — 2022 жаштар саммити өттү. Бул тууралуу редакциябызга аталган иш-чараны уюштуруучулардын бири Аскар Алмаз уулу билдирди.

Анын айтымында, саммитке Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Кытай сыяктуу 8 өлкөдөн 300гө жакын катышуучу катышты.

“Эки күнгө созулган иш-чарада, ишкердикти өнүктүрүү, жаштардын саясаттагы ролу, Social media менен катар экология көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулду. Саммит жогорку деңгээлде өтүп, ага коомдук активисттер, белгилүү блогер жана атактуу инсандар келишти. Келген коноктор ыраазычылыгын билдиришти”, — дейт ал.

Аскар Алмаз уулу белгилегендей,  саммитке катышкан өлкөлөр саясат, ишкердик, экология жана  Social media тармагында мындан аркы кызматташууга милдеттенме алышкан.