Диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча мугалимдерди окутуу башталганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай окуудан тарых сабагынын мугалимдери менен теологдор өтүүдө. Учурда 35 тайпа өз ишин баштаганы айтылды.

Окуулар үч бөлүктө өтүп, 2-сентябрга чейин офлайн режиминдеги сабактар жыйынтыкталат:

Биринчи бөлүк – 15-августтан 19-августка чейин;

Экинчи бөлүк – 22-августтан 26-августка чейин;

Үчүнчү бөлүк – 29-августтан 2-сентябрга чейин;

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мектептеринде 2022-2023-окуу жылынан тартып диндердин өнүгүү тарыхы предмети киргизилмекчи. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.