Бүгүн, 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча алдын ала соттук отурум болуп өттү.

Биринчи отурум 25-августка белгиленди.

Отурумга сот Чыңгыз Бердимуратов төрагалык кылат. Ишке мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана саясатчылар Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Бактыбек Алымбеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев айыпталып жатат.

Алар Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттө төмөнкү кызматтарды аркалашкан:

— Алмазбек Атамбаев — Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары;

— Исмаил Исаков — коргоо министринин милдетин аткаруучу;

— Бактыбек Алымбеков — ички иштер министрлигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу;

— Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун губернатору;

— Кеңешбек Дүйшебаев — УКМКнын жетекчисинин милдетин аткаруучу.